COVID-19: 4 бейтап каза болду. Стационардагы 1063 бейтаптын 61и өтө оор абалда

 COVID-19: 4 бейтап каза болду. Стационардагы 1063 бейтаптын 61и өтө оор абалда

Бүгүн, 1-февралга карата коронавирус дагы 202 адамдан аныкталды. Алардын жетөө медицина кызматкери экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“Анын ичинде Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 69, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 14 адамдан илдет табылган” — деп айтылат маалыматта.

Соңку бир күндө 547 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

Өлкөдөгү стационарларда 1063 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Алардын ичинен: 8 адам канааттандырарлык абалда, 586сы орто оор, 403 киши оор жана 61 бейтап өтө оор абалда жатат. Андан тышкары 4903 адам өз үйүндө дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 884 адам каза болду.

Жанылыктар