COVID-19: Бүгүн вируска каршы эмдөөнүн 1-этабы башталат.

0
119

Бүгүн, 29-мартта өлкөдө коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Вируска каршы вакцина Ош шаарына жана Чүй облустарына жеткирилген. Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуулар да өткөрүлгөн.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.