COVID-19: АКШ студенттерди эмдөөдөн өтүүнү талап кылууда

0
189

АКШнын жогорку окуу жайлары жатаканага  жашай  турган  студенттерди эмдөөдөн  өтүүнү  талап  кылат. Бул туурасында  Fox News телеканалы билдирди.

Мындай чечимди Американын көрүнүктүү бир катар  окуу жайлары кабыл алган. Ага ылайык, күзүндөгү жаңы окуу жылы жаңы эрежелер менен башталат.

Эмдөөгө үлгүрбөй калган студенттерге  вакцина алууга шарт түзүп берет. Диний көз карашы жана медициналык жактан эмдөө тыюу салынган студенттер мажбурланбайт. Буга чейин айтылгандай АКШда 16 жашка  чыккан жарандарга вакцина алууга  толук мүмкүнчүлүк бар.

Учурда биринчи кезекте  өнөкөт илдеттери бар жарандар эмдөөдөн өтүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 780 млн адам вакцина алгандыгын дүйнөлүк саламаттык сактоо  уюму билдирген.