Чынар Капарова: “Рахмон Путиндин алдында мектепке окуу куралдары жетишпей жатканын даттанды, бизде 4 айда 70 мектеп курулду!”

 Чынар Капарова: “Рахмон Путиндин алдында мектепке окуу куралдары жетишпей жатканын даттанды, бизде 4 айда 70 мектеп курулду!”

Рахмон Путиндин алдында “мектепте окуу куралдарым жетишпейт”-деп ыйлактады. Кыргызстан 2 жылда кандай өзгөрдү?

Тажик президенти Рахмондун Астанадагы сүйлөгөн сөзүн уктуңар да? Ал, орус президенти Путинге арыз-муңун, таарынычын айтты. Тажикстандын экономикасына жардам бербей жатканын, ал тургай орус тилдүү окуу китептери тартыш экенин дагы белгиледи.

Тажикстан кен-байлыктар запасы көп экенин мактанганы менен, учурда өлкө кыйналып жатканы тууралуу дагы маалымат айтты.

Бул жолугушууда биздин президент Садыр Жапаров дагы болду. Чек ара маселесинде Кыргызстан өз принциптерин катуу кармай турганын, маселени дипломатия менен чечүү керектигин айтып, тажик агрессиясын дагы белгиледи.

Менин айтайын дегеним мындай. 30 жылдан бери отурган Рахмон, башка өлкөнүн башчысынын алдында шөмтүрөп, эрке баладай “бизге жардам бербей жатасың”-деп таарынганы, анын өз мамлекети үчүн эч нерсе кылбаганы, мындан ары дагы өнүктүрө ала турган жөндөмү жок, лидерлик ресурсу түгөнгөнүн айгинилейт.

Анан калса, 2020-жылдагы пандемиядан кийин көп мамлекеттер экономикалык каатчылыкка дуушар болду. Алар сыяктуу Кыргызстанды дагы кыйынчылыктар күтөт деген божомолдор болгон. Жаңы келген бийликке ишеним артпаган оппозициячыл топтор, ошол эле Мадумаров “эки дос мамлекетти жарга түртөт. Убадаларын аткара албайт, булар сабатсыз. Кумтөрдү канадалык компания бербейт, эл аралык сотто утуп алыш үчүн акыл керек”-деп бир топ сөздөрдү божураган.

Жыл айланбай Кумтөр мамлекетке өттү. Экономикалык өсүш тездик менен жогорулады. Садыр Жапаров президент болуп келгенде бюджет 250 миллард сом болсо, 2 жылда 400 миллиардга жеткирди.

Эч кандай салыктын жаңы түрлөрүн киргизбей туруп, коррупциялык жана мамлекеттин казынасына түшпөй, жеке бир уурулардын чөнтөгүнө кетип жаткан жылчыктарды бууду.

Буга чейинки президенттер тыштан карыз алып келсе, анын баарын төлөө Садыр Жапаровдун учуруна туура келди. Азыр эки тышкы коркунуч бар. Бирөө тышкы карыз. Аны төлөө мөөнөтү бир минутка кечиксе, мамлекетке ошондо көйгөй жаралат.

Экинчиси ички жана тышкы душмандар. Тактап айтканда, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган тажик агрессиясы жана аларга тилектештик кылып, элдин ынтымагын ичтен иритип, баш-аламандык уюштурууну көздөгөн саясий топтор.

Садыр Жапаровдун башкаруусундагы туура саясаттар:

–             Ардакталбай калган кесиптерге көңүл бурду, мугалимдердин айлыктары көбөйүп, жаңы мектептер курулуп жатат. Мисалы, Бишкекте эле 15 мектеп 4 айдын ичинде бүткөрүлдү. Кыргызстан боюнча 70 мектеп курулду. Cалыштырып айтсак, Бишкекке 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдары бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгон.

–             Мамлекеттин бюджетинин эсебинен заманбап аскердик техникалар алынып жатат. Анын ичинде “Байрактар” сыяктуу эң алдыңкы куралдар бар.

–             Аскерлердин, анын ичинде өзгөчө чек ара кызматкерлеринин айлыгы жогорулады. Мурда 16 000 сом алган сержант, азыр 76 000 сомдон жогору айлык алат.

–             Өзгөчө кырдаалдар министрлигине куткаруучу, өрт өчүрүүчү  техникалар, вертолет алынды.

–             1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү өстү, 1700 сомдон 3500 сомго чейин кошулду.

–             Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Ага жараша талаптар дагы. Анын натыйжасында башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулады.

–             Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору башталды. Жаз айында Кыргызстан өзүнүн күчү менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушун баштап, курулуш уланып жатат.

–             ГЭС куруу башталды.

–             Сентябрь айындагы тажик агрессиясынан талкаланган 650 обьекти мамлекет өзүнүн казынасынан куруп баштады. Мамлекетте акча бар экен, жок болсо эмне болмок?

–             Тышкы саясатта мамлекеттин кадыры өсүүдө. Мурдагыдай ар кимге барып жүгүнүп, карыз сурап, тилемчи болбой калдык.

Дагы санап отурса көп жакшы өзгөрүүлөр сезилүүдө. 2020-жылдагы коронавирус илдети, пандемиянын кесепетинен кийин, элде “мамлекеттин тагдыры эмне болот?”-деген коркунуч бар болчу. Садыр Жапаров жана анын командасынынын туура жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы менен, коркунучка туш келбей, кайра өнүгүү жолуна түштүк.

Мындай өзгөрүүлөрдү байкагысы келбеген, жеке керт башын ойлоп, мурдунан алысты көрө албагандар дагы да болсо жалган жалаа, ушактарды таратып, бийликтин бутуна чалынып, тоскоолдук жаратып жатышат. Ички жана тышкы душмандын тоскоолдугуна карбай мамлекет гүлдөп-өнүгүүдө.

Азыр эл оозу менен орок оргон сагызгандарды эмес, туруктуу өнүгүүнү баалаш керек. Бийликти сындап жаткандар, мурда өздөрү эң жогорку кызматтарда отурушкан. Бирок алар башкарган жылдарды жакшы билебиз. Эмнеге ошондо элди жыргатышкан эмес?

Сөзүмдүн башында эмнеге Рахмондун “жардам бербейсиңер” деп таарынганын эске алдым? Кыргызстан дагы аз эле жылдар мурда Рахмон сыяктуу сырттан үмүт кылып, дубана кейпинде жашап келгенбиз. Азыр шүгүр, эркин, өнүгүү жолуна багыт алдык!

Чынар Капарова

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар