Чолпон-Атада электр кызматкери криптовалюта өндүрүүчү майнинг ферма уюштурган деп шектелүүдө   

 Чолпон-Атада электр кызматкери криптовалюта өндүрүүчү майнинг ферма уюштурган деп шектелүүдө   

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) жооптуу кызматкери “И.А.Дж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысына шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы “И.А.Дж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 1976-жылы туулган шектүүнүнү  Чолпон-Ата шаарындагы  Ж.Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.

Белгилей кетсек, “И.А.Дж.” узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал энергетика тармагында иштеп жатып кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен электр энергиясын уурдап, муну менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында.  Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар