Чолпон-Ата: коопсуздук миң милициянын көзөмөлүндө

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Ата шаарындагы консультативдик жолугушуусу учурундагы коопсуздукка бир миңден ашык милиция кызматкерлери көзөмөл кылат. Бул тууралуу аталган облустук ИИМден кабарлады.
«Буга милициянын миңден ашуун кызматкери тартылды. Шаардын негизги объектилеринде, ошондой эле делегация өтө турган багыттарда милициянын кайгуул кызматтары жана посттору тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөдө», — деп билдирди.