Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды

 Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды

“Чоң жыйырманын” өлкөлөрү саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын бекитишти. Бул туурасында Reuters агенттиги жазды.

Өлкө лидерлери саммиттин жыйынтыгында Россия менен Украинадагы кырдаал дүйнөлүк экономиканы артка тартты деген бүтүмгө келишти. Ошол эле учурда лидерлердин көбү Россиянын Украинага каршы кол салышын айыпташты.

Кошумчалай кетсек, G20 саммити азык-түлүк кризисинен эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдү колдоого алат.

Документте ошондой эле ядролук куралды колдонууга же колдонуу коркунучуна жол берилбестиги белгиленген. G20 лидерлери чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү, кризисти жөнгө салуу аракеттери, дипломатия жана диалог абдан маанилүү экенин түшүндүрүштү.

Саммитке Кытай, Түркия, Индия, Аргентина, Түштүк Африка, Австралия, Индонезия, Бразилия, Мексика, Япония, Корея, Сауд Аравия, Италия, Франция, Германия, Канада, Франция жана Россия делегацияларынын өкүлдөрү катышты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар