“Чоң жыйырма” саммитинде Байден менен Эрдогандын жолугушуусу башталды

 “Чоң жыйырма” саммитинде Байден менен Эрдогандын жолугушуусу башталды

Түркия менен АКШнын президенттеринин Индонезиянын Бали аралында өтүп жаткан “Чоң жыйырма” (G20) саммитинин алкагында жолугушуулары башталды.

Талдоочулар жолугушууну “критикалык” деп баалап жатышат. Анткени буга чейин Анкара АКШнын Стамбулдагы терактка байланыштуу көңүл айтуусун ачык четке каккан.

3-ноябрда Байден менен Эрдогандын жолугушуусу тет-а-тет форматында болору кабарланган.

«Президент (Эрдоган) кризистик кырдаалдарды лидерлердин дипломатиясынын жардамы менен чечсе болорун айткан », – деди Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын.

Белгилесек, Байден кечээ, 14-ноябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен дагы жолугушкан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар