Чоң-Алайда туу күнү белгиленди

 Чоң-Алайда туу күнү белгиленди

Бүгүн 2022-жылдын 3-март күнү Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Туусунун 30 жылдыгы белгиленди. Иш-чара райондун борбору Дароот-Коргон айылынын борбордук көчөсүндө майрамдык жөө жүрүш жасоо менен башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. 

“Майрамдын салтанаттуу бөлүгү райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери,  жана райондун жаштарынын катышуусунда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып, мамлекеттик туу күнүнүн 30 жылдыгы менен аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич иш-чаранын катышуучуларын, жана Чоң-Алай районунун тургундарын куттуктады, башчы-аким өз сөзүндө кыргыз эли, байыртадан бүгүнкү күнгө чейин өз мамлекетин, элин-жерин, улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактап калган эл экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Туусун маанилүү мамлекеттик символ катары баардык мезгилдерде өзгөчө сактоого жана ар дайым ачык асман алдында, мамлекеттик туубуз бийиктиктерде желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгуп-өсүп,  жергебизде тынчтык, биримдик, ынтымак болсууусун каалады”,- деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын соңунда концерттик программа уюштурулуп,  катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.

Жанылыктар