Чоң-Алайда мечиттен өрт чыкты

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү кызматына бүгүн эрте менен Жекенди айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:16да Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:13тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.