Чет элдик ишкердин ишенимине кирип, акчасын алып алгандар кармалды. Видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чет элдик ишкердин ишенимине кирип, анын акчасын алгандарды кармады.
Д.М.С. жана С.А.К. жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.
Жыйынтыгында Д.М.С. жана С.А.К. убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн.
Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.