Чет өлкөлөрдө 16 шайлоо участогу иштей баштады

 Чет өлкөлөрдө 16 шайлоо участогу иштей баштады

Ушул тапта чет өлкөлөрдө 16 добушкана ачылып, иштеп жатат. Алардын катарында Түштүк Сахалин, Жапония, Түштүк Корея бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо коммисиясынан билдиришти.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жанылыктар