Чемпиондор лигасы: ПСЖ менен Бавария беттешет

 Чемпиондор лигасы: ПСЖ менен Бавария беттешет

Европадагы негизги клубдук турнир кышкы тыныгуудан кийин башталды. Бүгүн 14нөн, 15-февралга караган түнү Милан менен Парижде Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын оюндары башталат.  “Милан” “Тоттенхэм” менен кез келсе, борбордук оюнда  “ПСЖ” – “Бавария” беттешет. Европанын алптары 3 жыл мурун турнирдин финалында беттешип, мюнхендик команда жеңишке жеткен.

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Монпелье менен болгон беттеште жаракат алып, 3 жума оюнга чыкпай тургандыгы айтылган. Мбаппе эртерээк айыгып, команданын катарына кошулган.

Ал эми Лионель Месси өз кезегинде акыркы Франция чемпионатында Монако менен болгон беттеште жаракат алган. Ал кечээ машыгууга кайтып келген.

Ошондой эле беттешке катыша турган оюнчулардын тизмесине  италиялык Марко Верратти да кошулган.

Беттеш Париждеги “Парк де Пренс” стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы 02-00дө жаңырат.

 

 

 

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар