Челябинскте кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды, 12 жашар кыздын абалы оор

 Челябинскте кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды, 12 жашар кыздын абалы оор

Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында Кыргызстандын жараны К.Ш.,нын башкаруусундагы “Рено Логан” автоунаасы карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу “Вольво” унаасын сүзгөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жол кырсыгы 7-сентябрда болгон.

Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон – ата-энеси жана алардын төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу жаран үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.

“Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.,нын 12 жаштагы кызына операция жасалды. Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экендиги айтылды.

 

Жанылыктар