Чек арадан кармалган Кыргызстандын жараны Тажикстанда каза болду

Тажикстанда чек арадан кармалган Баткен районунун тургуну каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Алардын айтымында, ал Баткен районунун тургуну Кудайберди Бекмуратов. Ал соттолуп, абакта жазасын өтөп жаткан.
«Анын сөөгү Кыргызстанга алынып келинүүдө», — деп билдиришти.
Учурда маалымат текшерилип жатканын президенттин облустагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев билдирди.
Ал эми бул маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Алардын айтымында, Кудайберди Бекмуратов эки жылга чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон. Ал № 6 түзөтүү колониясында кармалып турган.