Чек арадагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулат

 Чек арадагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулат

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ЖКнын төрагасы Талант Мамытов “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.

Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.

Жанылыктар