Чек арадагы атышуу: Эки жоокер жарадар болуп, бирөөнүн абалы оор

 Чек арадагы атышуу: Эки жоокер жарадар болуп, бирөөнүн абалы оор

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки аскер жараат алганын билдирди.

Министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалымдашынча, жарадар болгондордун бирөөсүнүн абалы оор. Аларды “Тез жардам” окуя болгон жерден облустук ооруканага алып келүүдө.

Булак-Башы аймагында “Тез жардам” кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат. Мининистрлик оорукана күчөтүлгөн тартипке өткөнүн, керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.

Облустук бийлик атышуу болгон жерде Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Облустун башка чек арага жакын аймактарда абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:15те токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлап, эки жактан да жараат алгандар бар экенин кабарлаган.

Жанылыктар