Чек арадагы абал: Түн тынч өттү, бирок чыңалуу бар

 Чек арадагы абал: Түн тынч өттү, бирок чыңалуу бар

Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.

Кыргызстандын  Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Жанылыктар