Чек арада шейит кеткен 19 жаштагы Рашит Бердибаев жерге берилди

 Чек арада шейит кеткен 19 жаштагы Рашит Бердибаев жерге берилди

Чек арадагы жаңжалда курман болгон Рашит Бердибаевдин сөөгү кичи мекени Кара-Кулжа районунун Кара гуз айыл аймагында жерге берилди. Бул туурасында жеринен кабарчыбыз Исхак Туратбеков билдирди.

Рашит Бердибаев болгону 19 жашта болчу. Ал тажик тараптын куралдуу кол салуусунда денесине ок тийип каза тапкан.

Маркум 16-сентябрда аскердик кызмат мөөнөтү аяктап, үй-бүлөсүнүн жанына кайтмак.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 59 жараны мерт кетип, кеминде 163 киши жарадар болду.

Жанылыктар