Чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда

 Чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда

17-сентябрь, саат 21:00гө кыргыз-тажик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон-авто жол» өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Жанылыктар