УКМКнын аскер кызматкери көз жумду. Окуянын себептери иликтенүүдө

 УКМКнын аскер кызматкери көз жумду. Окуянын себептери иликтенүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, “Күз-2022” чакырылышынын аскер кызматчысы А.Т.у. таң эрте саат 05:45те дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп жатканын айтып аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган.

Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык госпиталына жаткырылган.

“Саат 15:00 чамасында А.Т.у.нун абалы кескин начарлап, оозунан кан кеткен. Ага дароо тез жардам чакырылып, алар аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды”, – деп айтылат маалыматта.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар