Чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскерге таандык делген сөөктүн ДНК анализи чыкты

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн делген сөөктүн ДНК-тесттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева билдирди.
Генетикалык-экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Дастан Анарбековдун каза болгону аныкталды.
Бирок, апасы экспертизанын корутундусаны макул эмес.
«Генетикалык текшерүү үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрүн алуу туура эмес өткөн. 21-сентябрда атасынан кан алынган, 6-октябрда текшерүүгө жөнөтүлгөн. (канды сактоо мөөнөтү 3 күндөн ашпоо керек). Ошондой эле митохондриялык ДНК энеден алынат, бирок менден алышкан эмес. Мындан тышкары, анализдин конвертин ачуунун жол-жобосу сакталган эмес. Тагыраагы, конверт ачык болгон»,-деди Иманалиева.
Каза болду делген аскердин апасы көз карандысыз экспертиза жасатарын жана уулу Тажикстанда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалалды.
Белгилесек, чек ара жаңжалынан улам Дастан Анарбеков дайынсыз болуп жаткан.