Чек ара жаңжалында танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү жерге берилди

 Чек ара жаңжалында танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү жерге берилди

“Ата-Бейит” комплексинде 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Белгилесек, 14-17-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам 62 адам каза тапты.

Ал эми 198 жаран денелеринен түрдүү жараат алган. Алардын ичинен 13ү жаш балдар.

Жанылыктар