Чек ара: тажик тарап Достук айылын миномёттон аткылай баштады

 Чек ара: тажик тарап Достук айылын миномёттон аткылай баштады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы бүгүн, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алганын кабарлады.

Кечки саат 21.17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан.

«Кайрадан ок атышуу орун алып 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алган»,- деп айтылат маалыматта.

Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады.
КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат.

Жанылыктар