Чек ара: Ташиев менен Ятимов сүйлөшүү жүргүзүп жатат

 Чек ара: Ташиев менен Ятимов сүйлөшүү жүргүзүп жатат

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.

Учурда ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Жанылыктар