Ташиев: Чек ара посттору убактылуу гана алынды

 Ташиев: Чек ара посттору убактылуу гана алынды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара бекеттери убактылууу гана алына турганын айтты. Тагыраагы, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин заставалар убактылуу алынарын белгиледи.

“24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мынндан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз коздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан  “Посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой”,-деди УКМК төрагасы.

Учурда аталган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну тараптардын көчмө чек ара отряддары ишке ашырып, алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган чекте кызмат өтөшөт.

Кол коюлган протоколго ылайык, тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин жарандары бул чек ара мыйзамдуу түрдө катталганга чейин кандайдыр бир башка иштерди жүзөгө ашырууну токтотот.

Учурда Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын комиссиясынын тиешелүү иштери уланууда.

Жанылыктар