Чек ара: Ок-дарылар жарылбай калган аймактар тазаланат

 Чек ара: Ок-дарылар жарылбай калган аймактар тазаланат

Оштун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелеринде 20-сентябрдан тартып снаряддар, миналар, ок-дарылар жана башка жарылуучу куралдар жарылбай калган аймактарда аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүрөт. Бул туурасында чек ара кызматынан кабарлашты.  

Маалыматта айтылгандай, миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

Буга байланыштуу чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырат.

 

Жанылыктар