Чек ара кызматы: жарадар болгон аскер операцияга даярдалып жатат

 Чек ара кызматы: жарадар болгон аскер операцияга даярдалып жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы саат 22.15те тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон атууну токтоткондугун маалымдады. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

“КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскер кызматкери операцияга даярдалууда”, – деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлүүдө.

Жанылыктар