Чек ара кызматы: Тажикстан Төрт-Көчөдөгү Баткен-Исфана жолун жапты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы Тажикстандын жарандары Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагындагы Баткен-Исфана авто жолун жаап алганын билдирди.
Чек ара кызматы бүгүн, 27-январь саат 18.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалууда экенин айтты.
“Саат 17.30дан 18.00гө чейинки аралыкта Тажикстандын жарандары бир тараптуу Баткен облусунун Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолун жаап алышкан. Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы полковник Рустам Миршакиров чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетишти”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда Баткен облусунун мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшкөн.