Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

 Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-сентябрь саат 08:30га карата чек аранын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон.

17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч өттү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Өлкө жетекчилиги кырдаалды турукташтырып, чыр-чатакты курчутуу жана провокациялоо аракеттерин токтотуу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Жанылыктар