Чек ара кызматы: “Ак тилек” пунктунда 70тей жүк ташуучу унаа кезекте турат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы бүгүн, 13-январы саат 14:00 карата “Ак-Тилек-авто жол” өткөрмө бекетинде кезек күтүп Кыргызстандан Казакстанды көздөй 70 чактыдай оор жүк ташуучу транспорт каражаттары турганын кабарлады.
Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет.
Мындан сырткары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган эмес.
Ошондой эле чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.