Чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекети биргелешкен Протоколго кол коюшту

 Чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекети биргелешкен Протоколго кол коюшту

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйын өттү.

Жыйындын алкагында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин Протоколуна кол коюлду, бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы Келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Абдулла Арипов Кыргызстанга кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйынга катышууга жана өлкө башчысы Садыр Жапаровго жолугушууга келген.

 

Жанылыктар