Чек ара чыры. Жабыркагандардын саны 163кө жетти

 Чек ара чыры. Жабыркагандардын саны 163кө жетти

19-сентябрь, саат 09:00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 163 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир суткада Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 19 жабырлануучу кайрылып, алардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 144 адам ооруканада дарылануусун улантууда, 19 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулду.

Улуттук госпиталда – 71 жабырлануучу;

Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

Тез жардам ооруканасы – 9 жабыркаган;

Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Жанылыктар