Чек ара чыры: Баткенде каза болгондордун саны 36га жетти

 Чек ара чыры: Баткенде каза болгондордун саны 36га жетти

Баткен облусунан саат 10:00гө карата алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 12 кыргызстандыктын сөөгү Баткендин саламаттык сактоо уюмдарына келип түштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун саны 36 адамга жетти.

Ал эми жабыркагандардын саны 129 кишини түзүп, алардын ичинен жетөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жанылыктар