Атайын эсепке 26 миллион сомдон ашык акча чогулду

 Атайын эсепке 26 миллион сомдон ашык акча чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда калкты колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 26 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19-сентябрга карата Кыргызстандын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын эсепке 26 миллион 72 миң 750 сом которулган.

«Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат», – деди ал.

Белгилесек,  негизги максаттар жана милдеттер Президенттин Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө Жарлыгы менен аныкталган.

Жанылыктар