Чек ара чыры: ӨКМдин куткаруучусу каза болду. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

 Чек ара чыры: ӨКМдин куткаруучусу каза болду. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта куткаруу иштеринде жүргөн кызматкери курман болгонун кабарлады.

“Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Биздин кызмат өз милдетибизди аткарып жатабыз”, – деди министр.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00гө карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Жанылыктар