Чек ара: Баткендиктер акысыз байланыш менен камсыздалды

 Чек ара: Баткендиктер акысыз байланыш менен камсыздалды

MegaCom уюлдук оператору Баткен облусундагы абоненттеринин бардыгын уюлдук байланыш жана интернет менен убактылуу акысыз камсыздай тургандыгын билдирди.

Компаниядан кабарлашкандай, бул кыргыз-тажик чек арасында орун алган араздашууну жөнгө салуу учурундагы зарыл кадам.

“Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда аталган аймактагы мекендештерибиз дайыма байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү экендигин түшүнөбүз. Буга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан абоненттерди, ошондой эле Баткен облусундагы чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барып жаткан мамлекеттик мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрү чалууларды аткаруулары үчүн акысыз топтом, ошондой эле интернет-трафик менен камсыздоо чечими кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар