Чаткалдык окуучу облусутук олимпиададан жеңип, акчалай сыйлыкка ээ болду

Чаткал районунун Матиш Исмаил уулу атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Зайыр Смаилбеков гоеграфия сабагынан облустук олимпиядада жеңүүчү болду. Ал Жалал-Абад облусу боюнча предметтик олимпиадага катышып, 30дай окуучунун ичинен жеңүүчү болуп табылган.
Биринчи орунду жеңип алган окуучуга Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сом акчалай сыйлык жана ардак баракча тапшырылды.
Чаткал районунда республикалык тертирлөөдөн 200дөн көп балл, «Алтын тамга» аттестатын алган окуучуларга акчалай сыклыктар тапшырылып келет.