Чаткалдагы шыбы ураган мектептен жабыркаган мугалим ооруканада калтырылып, үч окуучу үйүнө чыкты

 Чаткалдагы шыбы ураган мектептен жабыркаган мугалим ооруканада калтырылып, үч окуучу үйүнө чыкты

Чаткалдагы мектептин шыбы урагандан кийин ооруканага жаткырылган үч окуучу үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2022-жылдын 18-майына карата Ала-Бука жалпы дарыгердик практика борборунда дарыланууда бейтап С.А. (мугалим) калды.

Канааттандырарлык абалдагы үч окуучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Кечээ, 17-майда Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин классынын шыбы урап түшкөн.

Саламаттык сактоонун Жалал-Абад облусундагы координатору билдиргендей, мугалим ураганга чейин окуучуларды класстан чыгарып кеткенге үлгүргөн, бирок мындай абалдан улам айрым окуучулар чоочуп калышкан.

 

Жанылыктар