Чаткалда сабак учурунда мектептин шыбы кулап түштү (сүрөт)

Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы (потолок) урап түштү.
Бул тууралуу ӨКМ нин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык каттаган жерге куткаруучулар тартылып, куткаруу жумуштарынын натыйжасында 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылды. Жабыркагандар Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилери министрликтин маалыматында айтылат.








