Чаткалда алтындын мыйзамсыз сатылышы боюнча айыл өкмөт кызматкерлери кармалды

 Чаткалда алтындын мыйзамсыз сатылышы боюнча айыл өкмөт кызматкерлери кармалды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтындын мыйзамсыз сатылышы боюнча айыл өкмөт кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жаратарын эске албастан, Чаткал районунун кызмат адамдары менен компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең учунан сүйлөшүп алган фактылар аныкталды.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:

– Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «С.К.К.»;

– Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Ж.Н.Ж.»;

– Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары «С.А.К.».

– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча Контролдук-инспектордук кызматынын башкы инспектору «Б.З.Ж.».

Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган.

Жогорудагы адамдарга өзгөчө оор кылмышка шектелип айып тагылып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен келишим түзгөн, жана алтынды мыйзамсыз ташуу учурунда алтын казуучу компаниянын башкы директору кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Жанылыктар