Чүйдө жаш кыздын зордукталышы боюнча аксакалдар соту башталды

 Чүйдө жаш кыздын зордукталышы боюнча аксакалдар соту башталды

Чүй облусунун Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту өтүп жатат.

7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйөө келтиришти жана аны жазалоону талап кылышты. Айрымдары ал үй-бүлөсү менен көчүп кетиши керектигин, кээ бирлери укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жаза беришин күтүү керектигин айтышты.

Жыйынга жабыркаган кыздын туугандары, аким Курманбек Айтибаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам жана депутаттар катышууда.

Эске салсак, Сокулук районунда  эркек киши 16 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Шектүү өспүрүмдү Бишкекке алып барууну сунуштап, жолдон зордуктаган. Ал киши бошотулуп калат деп чочулаган жергиликтүү тургундар милициянын имаратынын алдына митингге чыгышкан.

Жанылыктар