Чүйдө контрабандалык жол менен ташылып келинген спирт ичимдиктери аныкталды

 Чүйдө контрабандалык жол менен ташылып келинген спирт ичимдиктери аныкталды

УКМКдан билдиришкендей,  «Акжол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Такталгандай, спирт ичимдиктери өлкө аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган. Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган.

Белгиленгендей, унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылууда.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар