ОшТВ телерадиокомпаниясы

Чүйдө курал-жарак сакталган жай табылды. Ким тарабынан жашырылганы белгисиз

 Чүйдө курал-жарак сакталган жай табылды. Ким тарабынан жашырылганы белгисиз

Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алындын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.  Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Жанылыктар