Чүйдө калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн адиси пара алып жатканда кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси “Ш.Э.М.”, КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Х.Х.Х.” аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.