Чүй облусунда катталган жол кырсыгынан ЭлТРдин кызматкери каза болду

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында катталган.
«Кемин районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну Опель Зафира кызматтык унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды (айдоочусу К.Б., 1975-жылы туулган, Бишкектин тургуну) артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Опель Зафира унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошол эле жеңил унаанын эки жүргүнчүсү 1976-жылы туулган И.К. жана 1977-жылы туулган М.К. жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.
Каза болгон адам ЭлТР мамлекеттик компаниясынын кызматкери болгон.
Жол кырсыгы каттоого алынып, унаалар айып короосуна токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.