Чүй: Айылдаштардын чыры адам өлүмү менен аяктады

 Чүй: Айылдаштардын чыры адам өлүмү менен аяктады

Сокулукта айылдаштардын адам өлүмү менен аяктаган чырынын чоо-жайы иликтенип жатканын 1-августта  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Мекеменин маалыматына караганда, окуя 1-июлда болгон. Жергиликтүү тургундардын бири күндүз айылдаш ага-ини менен уруша кеткен. Чатак кечинде да уланып, бир туугандардын бири ага бычак менен кол салган. Бычакталган тургун эки күндөн кийин Бишкектеги ооруканада реанимацияда көз жумган.Кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.Чырга эмне себеп болгонун  айрым маалымат каражаттары алар сугат суу талашып уруша кетишкенин, окуя Жаңы-Жер айылында болгонун жазып жатышат.

Жанылыктар