Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 14-январда, өз ара макулдашууга ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. КР президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты. Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер […]Кененирээк