2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушканда белгилүү болду. Жолугушууда Чыңгыз Эсенгул уулу маданият күндөрүн өткөрүү үчүн кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүгө даярдыктар көрүлөөрүн маалымдады. Белгилесек, 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө […]Кененирээк
Президенттин тапшырмасы менен жалпы ипотекалык үйлөр курула баштайт
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушу башталганын жазды. “Жакында өз ишин жыйынтыктаган биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардан ипотекага үй алуу боюнча маселе көтөрүлүп, жыйын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 14төн 4 пайызга чейин түшүрүлгөнүн, берүү мөөнөтү да он жылдан жыйырма […]Кененирээк
Чек ара: Кыргызстан тарапка өткөн жерлер бош калбайт
Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоодо кыргыз тарапка өткөн жерлер айыл чарбасы, жайыт жана өндүрүш үчүн пайдаланылат. Бул тууралуу Президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов “Ош ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди. Эки өлкө ортосундагы акыркы макулдашуу боюнча Өзгөн районуна Өзбекстан тараптан 500 гектар жер өтүүдө. Ал Ош-Бишкек авто жолунун боюнда Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан. Аймактын жер […]Кененирээк
Кападокияга саякат. Кишини кызыктырган 5 өзгөчө аймак
Кападокия бир караганда кудум жаратылыш жана адамдар тарабынан атайын оюп жасалган планете сыяктуу көрүнөт. Ал жерде катылган тарых жана геологиялык өзгөчөлүктөр туристтер үчүн дагы бир уникалдуу ачылыш десек болот. Бүгүн биз көңүлүңүздөрдү Кападокиянын кооз жерлерине бурабыз. ВУЛКАНДАР ЖАРАТКАН “ВИЗУАЛИЗАЦИЯ” Кападокия, Эржиес, Хасан тоо жана Гүлдүү тоолор негизинен жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп чыккан вулкан, жанар тоолордон […]Кененирээк
Кечээ, 4-ноябрда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1948–жылы Аксы районунун Афлатун айылында туулган. 1966-70-жылдары Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын бүтөөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эки жылдык даярдоо курсуна тапшырып, окуп жүргөн мезгилинде эле Кыргыз ССРнин мамлекеттик телерадиокомитетинин музыкалык […]Кененирээк
Бурсада түрк дүйнөсүнүн фильм фестивалы өтүп жатат
Түркиянын Бурса шаарында түрк дүйнөсүнүн фильм фестивалы старт алды. Фестивалга Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Азербайджан мамлекеттеринин маданият министрлери, түрк тилдүү мамлекеттерден барган кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар да катышууда. Фестивалда жалпысынан 50 фильм көрсөтүлүп жатат. Бул иш-чара Түркиянын маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган. Белгилесек, аталган фестиваль өлкөлөр арасында кезек-кезеги менен өткөрүлөт.Кененирээк
Баткенге контейнер үйлөр жөнөтүлө баштады
Бишкек мэриясы Баткенде чек арадагы коогадан кийин үй-жайынан айрылган тургундарга убактылуу жашай турганга контейнер үйлөрдү жасап жөнөтө баштады. Бул ишкерлердин жардамында ишке ашып жатат. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, темир контейнерлердин ичинде убактылуу тиричилик көрүүгө тийиштүү шарт түзүлгөн. Алгачкы 16 үй Баткенге жөнөтүлдү, жакында дагы 12си барат. Жалпысынан 50нү даярдап жөнөтүү пландалууда.Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында […]Кененирээк
Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын […]Кененирээк