2022-жылдын жыйынтыгы менен республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 441,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 12,2 миң тоннага же 2,9 пайызга көп. “Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу”, – деп айтылат маалыматта.Кененирээк
Кыргызстандын ун ишканалары ассоциациясы 1-январдан тарта ун жана жем 15 пайызга кымбаттай турганын жана ата мекендик тегирменчилер өз продукциясынын баасын көтөрүүгө аргасыз болорун билдирди. Анткени ушул жылдын 31-декабрында ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт. Ассоциация 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин тармакты мамлекеттик колдоо күчүндө экенин эскертти, башка айтканда […]Кененирээк
Быйыл Кыргызстанда айлык маяна көтөрүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жогорку суммадагы айлык алып калышты. Президенттин Жарлыгына ылайык, эмгек акы дээрлик 100 пайызга жогорулаган. Анын ичинен апрель айынан тарта билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана медицина тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы 50дон 100 пайызга чейин жогорулатылды. Мисалы: Ал эми билим берүү кызматкерлеринин бардыгынын айлык акысы […]Кененирээк
Быйыл Кыргызстан канча көлөмдө электр энергиясын импорттогону айтылды
2022-жылдын 10 айында Кыргызстан Түркмөнстан жана Казакстандан 2,6 млрд киловатт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул туурасында статистикалык комитеттен билдиришти. 2 млрд киловатт/сааттан ашык негизги көлөм Түркмөнстандан, ал эми 580,1 млн киловатт/сааты Казакстандан импорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Түркмөнстандан импорттоо 6 эсеге, ал эми Казакстандан импорттоо 7%га өскөн. “Ал эми казак электр энегиясынын 1 киловатты 1,57 […]Кененирээк
Кыргызстанда быйыл 10 ай ичинде Европа өлкөлөрүнө 79 миң 526 тонна көмүр экспорттоду. Бул туурасында статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күздөн бери аталган көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү — 22 миң тоннадан ашыгы жеткирилген. Кыргыз көмүрүнө Румыниянын кызыгуусу артып, эң көп 3,3 млн долларга 54,6 миң тонна көмүр импорттогон. Тоннасы орточо эсеп менен 61 долларды түзгөн. […]Кененирээк
2022-жылы “Кумтөр” алтын кени толугу менен Кыргызстандын менчигине өттү. Бул боюнча Президент Садыр Жапаров 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Кумтөр Голд Компани“” ишканасынын 100% акциясы Кыргызсанга өткөнүн билдирген. “Биз Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген. »Центерра« 2021-жылдын […]Кененирээк
Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасы бир жылда 15,8 пайызга кымбаттады
Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасы өткөн жылдагыга салыштырмалуу 15,8 пайызга кымбаттады. Бул туурасында статистика комитетинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын ноябрында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын көрсөткүчү 13,5 пайызга өскөн. Анын ичинде азык-түлүк товарларына (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) 15,8 пайыз, азык-түлүк эмес товарларга 11,4 пайыз жана кызмат көрсөтүүлөргө 8,4 пайыз баалардын жогорулашы катталды.Кененирээк
Кыргызстанда он айдын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 25 миң 390 сомду (чакан ишканаларды эсепке албаганда) түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эмгек акы 27,9%га өскөн, ал эми реалдуу сумма инфляцияны эске алганда 14,5%га өскөн. Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 113,5%ды түздү (2022-жылдын январь-ноябрь айлары өткөн жылдын […]Кененирээк
2022-жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 185 млрд 848,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Аталган кызматтан кабарлашкандай, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 млрд сомго көп. Анын ичинде 140 млрд 685 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 млрд 965,5 млн сомго […]Кененирээк
Министрлер кабинети донорлордон бюджетти колдоого 30 млрд. сом алууга ниеттенүүдө
Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты. “2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл […]Кененирээк